Африкалык чочко чумасы жуктурулган колбасаны ташып келе жаткан жаран кармалды

24.09.2019, 14:19 Акчабар
Африкалык чочко чумасы жуктурулган колбасаны ташып келе жаткан жаран кармалды

Кытайдын жараны Россияга африкалык чочко чумасы жуктурулган колбасаны ташып келе жаткан жерден кармалды. Бул тууралуу “Русская Планета” басылмасы жазат. Товарда вирустун бар экенин ветеринардык изилдөө лабораториясы тастыктаган.

Продукцияны автоунаа аркылуу “Забайкальск” (Монголия жана Кытай менен чектеш) өткөрүү пунктунан ташууну көздөгөн. Товарды текшерүүдө эч кандай коштоочу документ жок болуп чыккандыктан, дароо лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлүп, анда вирустун бар экени аныкталган.

Учурда африкалык чума вирусу Алыскы Чыгышта катталган. Вирустун түп тамыры Приморьеде, Амур территориясында жана Евразия автономиялык областында катталган.

Тэги: Забайкальск өрөөнү \ кытай жараны кытай жараны чума чочко вирусу Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть