Өзбекстан көмүскө экономика боюнча Орто Азия өлкөлөрүндө биринчи орунда турат

01.07.2021, 17:00 Акчабар
Өзбекстан көмүскө экономика боюнча Орто Азия өлкөлөрүндө биринчи орунда турат

Дүйнөлүк банктын эксперттеринин маалыматына ылайык, Өзбекстан көмүскө экономиканын үлүшү боюнча Орто Азия мамлекеттеринин арасында биринчи орунда турат. Бул тууралуу Өзбекстан республикасынын экономикалык өнүгүү жана кедейликти кыскартуу министрлиги билдиргенин Еurasiatoday жазды.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы көмүскө экономиканын үлүшү Өзбекстандын ИДПсынын 52.11% түзгөн. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин маалыматында, Өзбекстан Орто Азия мамлекеттеринин арасында көмүскө экономика үлүшү боюча биринчи оруну ээлеген.

Салыштыруу үчүн: Тажикстанда бул көрсөткүч 40%,76%, Казакстанда 36,65%, ал эми Кыргызстанда 30,53% түзөт.

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандын көмүскө экономикасы 2003-жылдан бери өсүп келет. 2003-жылы анын көрсөткүчү 35% түзгөн. Ал эми 2011-2017-жылдары 45%-50% болгон.

Эксперттердин айтымында, 2019-жылы андан жылдык жоготуусу 16-17 миллиард долларды түзгөн.

Тэги: Көмүскө экономика Өзбекстан ИДП Орто Азия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть