Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.01.2021, 09:10

Өзбекстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттардын көлөмү 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1.35 млн долларды түзгөн. Бул республиканын бажы институтунун эксперти Фарход Гафуровдун маалыматына таянуу менен Review.uz сайты жазып чыкты.

[news 31572]

Маалыматка ылайык, 2017-жылы коңшу өлкөгө 411 миң доллар, 2018-жылы — 2.5 млн доллар, 2019-жылы — 2.58 млн доллар чыгарылып кеткен.

Белгиленгендей, 2020-жылдын алгачкы он айында бул көрсөткүч 535 миң долларды түзгөн.

Өзбекстандык эксперт мыйзамсыз чыгарылган каражаттын жогорулашынын себебин өзбек-кыргыз чек арасындагы көзөмөлдүн начардыгы менен байланыштырган.


Читать похожее

  • 18.01.2021, 03:10:26