Кыргыз зергерлери колдоого муктаж

30.10.2019, 11:09 Акчабар
Кыргыз зергерлери колдоого муктаж

Кыргыздарда зергерчилик өнөр жолдо калган эмес. Учурда бул өнөрдү аркалап келген инсандар көп эле кездешет. А бирок алар дагы мамлекеттин кароосуна, көңүл буруусуна муктаж. Алтын өз өлкөбүздө чыкканы менен, ага зергерлердин колу жетпейт. Жетмек турсун алганга дагы мыйзам уруксат бербейт. Айла жок, чийки затты чет жерден ташып келүүгө аргасыз болгон зергерлердин бүгүнкү акыбалы, маселеси, максаттары тууралуу Акчабар сайты ювелир, зергерлер союзунун жетекчиси, ишкер Сталбек Акматов менен маек курду.

Сталбек мырза, Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тарта зергерлерге мамлекет тарабынан кандай көңүл бурулуп келет? Алтын усталардын эртеңки тарыхы кандай? Кыргызстан – зергерлердин дүйнөсү деп таанылууга мүмкүнчүлүк барбы?

- Кыргыздарда зергерчилик миңдеген жылдар бою келе жаткан өнөр. Ата-бабалар ат жабдыктарын жасаган, апаларыбызга чачпак, шакек, билерик жасап келишкен. Бери дегенде эле бир жарым миң жылдык тарыхы бар. Советтер союз доорунда Армения, Роосия өлкөлөрүнө салыштырмалуу завод, фабрикалар Кыргызстанда салынган эмес. Зергерлер өздөрүнүн аракети менен кичи ишкана, өнөркана ачып, иштетип келишкен. 1991-1992 – жылдары зергерлердин саны Кыргызстан боюнча 100-200 эле адамга жеткен. Кийинчерээк 1998-2000-жылдардн баштап, зер усталар көбөйүп, саны 5000-6000ди түзгөн. Алтын заводу ачылды, чакан ишкана ачылды жана үйүндө отуруп иштеген усталар көбөйө баштады. Бирок, мамлекет зергерчиликти өлкөнүн деңгээлинде өнүктүрүү керек экендигин унутуп калды десем болот. Эч кандай көңүл бурулган жок, жана тийиштүү мыйзам долбоорлору дагы кабыл алынган эмес. Ошол себептен өнүгүп келе жаткан зергерчилик кайра басаңдай түшкөн. ЕАЭСке киргенден тарта, зергерлерге мыйзам керек экендиги катуу сезиле баштады. Мисалы, дүйнөлүк практиканы алып, карап көрсөк кайсы жерде кен байлык казылып алынган болсо, ошол өлкөнүн зергерчилик өнөрү өсүп-өнүккөн болот. А бизде тескерисинче. 100 жылга жете турчу алтын, күмүш бар, бирок зергерлердин колунда азыр чийки зат жок. Аны алганга дагы мыйзам уруксат бербейт. Себиби, Кумтөр менен келишим түзүлүп жатканда, ал жакта казылган алтындын баары өлкөдөн чыгарылып кетсин, Кыргызстанда калбасын деген келишим менен түзүлгөн экен. Ушул сыяктуу келишим башка инвесторлор тарабынан, башка алтын казылчу жерлерде дагы түзүлгөн. Ошол себептен, өзүбүздүн чийки затка өзүбүз жетпей келебиз. Бул маселени акыры бир күн чечүү керек. Ушул максатта тийиштүү мыйзам долбоорун ишке ашырууга аракет кылып жүрөбүз. Бул маселеге Өкмөт көңүл бурса, зергерлер өлкөнүн бир жагын өнүктүрүүгө чоң салымын кошот деп толук 100% ишенич менен айта алам. Мисалы, башка өлкөлөрдө Турцияда алтын дүкөндөрдө жыйылып турат, каалашыңча аласың. Жалпы Европа мамлекеттеринде дагы ушундай көрсөткүч. Казакстанда дагы акча алмаштыруучу жайларда дагы алтын ээн эркин сатылат. А биздин өлкөдө уруксат жок. Өзүбүздүн чийки затка өзүбүз жетпейбиз. Учурда тийиштүү мыйзам долбоорун иштелип жатат. Кабыл алынса, ишкерчилик өнүксө, өлкөгө эле жакшы пайда алып келет.

(кыргыз зергерлерине тийиштүү асыл буюмдар)

Чет жерден чийки затты алып келүүдө бажыдагы жол-жоболор кандай?

- Импорт маселесинде жеңилдиктер бар. Пайда жагын алып караганда, алып келип саткан ыңгайлуу. Бирок, минтип отурсак атамекендик өндүрүштү жакын арада өнүктүрбөйбүз. Мисалы: 2019 – жылдын 9 айында 10 млн. доллардан ашык каражатка зергерлерге тиешелүү чийки зат, ар түрдүү буюмдар импорттолду. Эгер ушул темп менен жүрүп отурсак, анда боордош мамлекеттердин товарын сатып эле жүрө беребиз. Ата мекендик чийки затты иштетип, тескерисинче экспортту көбөйтүү керек. Бул мамлекет үчүн дагы жакшы пайда алып келет. Канчалаган зергерлер өз өнөрлөрүн өркүндөтүп, ачык-айкын иштей башташмак. Мамлекеттик заводтор курулмак, жумушчу орундар түзүлмөк. Бажы салымдары арзан болгондуктан, кичи бизнес эээлери үчүн, өндүрүп саткандан көрө, алып келип саткан ыңгайлуу болуп калды. Бул мамлекетке эле келтирилген минус. Өзүбүздүн продукцияны колдонгондо гана, зергерчилик өнүгүү жолуна түшөт. Азырынча кошуна мамлекеттерди гана жыргатып атабыз десек болот.


Мисалы канча салык төлөнөт?

- Канча пайда тапсак, ошончо салык төлөйбүз. Бирок, чийки заттын өзүнө салык төлөнбөйт. М: Турция 18-20% КНС (кошумча нарк салымы) төлөйт. Бизде 12%. Бирок, мынчалык арзан көрсөткүчкө карабай, кымбат төлөп калабыз. М: 3350 сом (алтын) + 250 (жумушу) *12% (КНС) 750 сом салык төлөнөт. Турцияда: 3350 сом (алтын) +250 сом (жумушу) * 18% (КНС) 45 сом салык төлөп атат, а биз 756 сом төлөп атабыз. Ошондо салык 16 эсе көп төлөнүп жатат. Ошол себептен Турциядан алып келип саткандан пайда көбүрөөк болуп, салык мыйзамы кыргыз зергерлери “өлсүн” деген тыянакка алып келүүдө. Бул схеманы түшүнгөн бир топ депутаттар мыйзам долбооруна, салык саясатына өзгөрүү алып келүүнү колдоп жатышат. Муну түшүндүрүү үчүн 5 жыл убакыт кетти. Беш жылдан бери улам жаңы шайланган премьер-министр, төрага, депутаттардын баардыгына жолугуп, маселени түшүндүрүп келе жатам. Өзүм дүйнөнүн кайсы мамлекетинде зергерчилик өнүккөн болсо, ошол мамлекеттердин бардыгына барып келдим. Алардын мыйзамдары, заводтору менен таанышып жүрөм. Кыргызстандын зергер дүйнөсү учурда чоң өзгөрүүгө, колдоого муктаж.

(Армениянын экс-президенти Сержа Саргсян менен Арменияда өткөн зергерлер көргөзмөсүндө)

Кыргызстанда зергерлер бир айда орточо эсеп менен канча каражат табышат?

- Азыр ачыгын айтканда айына 15-20 миңдин тегерегинде каражат табышат. Ал эми башка өлкөнүн ювелирлери абдан бай жашашат. Кыргыз зергерлери дагы жакшы каражат таап, жакшы жашаганга укуктуу албетте. Ошол себептен, жогорудагы тоскоолдуктарды биригип чечсек, мамлекетибизге эмнеге чоң пайда алып келбесин? Албетте, алып келет. Дагы бир топ, идея, долбоорлор бар. Анын баары эми мыйзамды гана күтүп турат. Тийиштүү мыйзам долбоору кабыл алынса, кыргыз зергерлеринин канчадан берки келе жаткан эмгегинин акыбети кайтып, Кыргызстанды зергерлердин дүйнөсү катары таанытканга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

(Кыргызстанда өткөн сулуулар сынагындагы таажынын баары кыргыз зергерлердин колунан жасалат)

Тэги: кыргыз зергерлер алтын күмүш салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть