Опубликовано
06.09.2021, 06:10Өзгөн шаарында курулуп жаткан үч кабаттуу жаңы поликлиника ушул жылдын ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн курула баштаган имарат 2020-жылдын аягында башталган. Буга чейинки поликлиника авариялык абалда болчу.
Жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу имаратка шаардагы жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, эски имаратта жайгашкан шаардык стоматология бөлүмү көчүрүлөт.
Оорукана 37 миллион сомго бааланган.