akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.03.2024, 08:55

    Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттин базар баасы 470 млн сомду түзөт.

    Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


    Читать похожее