Опубликовано
09.08.2024, 03:20Жакында президенттик аппараттын жаңы имараты ачылат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы имараттын атын – “Ынтымак-Манас Ордо” деп жарыялаган.
Жаңы администрация Бишкектин түштүк тарабындагы мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулуп жатат. Болжол менен 30 миң чарчы метрге эсептелген имаратта мамлекет башчынын администрациясы жана Министрлер кабинети жайгашат.