Опубликовано
07.03.2022, 06:43Жалал-Абад шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына 18 млн сомго таштанды ташуучу үч атайын заманбап техникалар алынып берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы техникаларды сатып алууга жалпы 18 млн 150 миң сом акча каражаты жумшалган.
“Бул каражаттын 12 млн 150 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган”,- деп айтылат билдирүүдө.