akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    17.09.2021, 08:10

    "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 миллион сомго жаңы таштанды жыйноочу автоунаа сатылып алынды. Бул тууралуу "Акчабарга" аталган ишканадан билдиришти.

    “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бизге бир техника берилди. Ишканадагы таштанды төгүүчү автоунаалардын көбүнүн эскилиги жеткен. Мындан улам Жалал-Абад облусунун фондуна долбоор жазганбыз”, - деди мекеменин жетекчиси Айбек Жолдошев.

    “Жалал-Абад Тазалык” ишканасында жалпысынан 15 таштанды чогултуучу техника бар. Анын ичинен тогузу ишке жарамдуу.


    Читать похожее