Akchabarsearch
Источник фото: Жалал-Абад шаардык мэриясы

Опубликовано

15.05.2024, 05:20

Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн "Мекен деми" балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Аземге жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты.

"Мекен деми" балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.


Читать похожее

  • 16.08.2024, 04:10:24
  • 14.08.2024, 21:30:23
  • 05.08.2024, 03:05:03
  • 22.07.2024, 03:10:48