Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.02.2022, 12:20

Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктады. Ага ылайык, айыл өкмөттүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги 0,24 га жерди ээлеген гараж жеке менчикке берилип кеткени белгилүү болду.

Натыйжада, кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59