Жалал-Абадда 50дөй көрнөк-жарнакка 1300 сомдон салык салынды

07.10.2021, 15:00 Акчабар
Жалал-Абадда 50дөй көрнөк-жарнакка 1300 сомдон салык салынды

Жалал-Абад шаарындагы текшерүү учурунда 49 көрнөк-жарнакка каражат төлөнбөгөндүгү үчүн салык салынды. Бул тууралуу “Акчабарга” шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин алкагында, Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө илинген чоң жарнамалык тактайчалардын ээлеринин 10го жакыны гана салык төлөп келгени маалым болду. Мындан улам, мэрия жарнамалык тактайчага салыкты төлөбөгөндөр менен келишимди бузууну көздөп жактандыгын билдирди.

Аймакта көрнөк-жарнак тактайчанын бир тарабына илинсе 1300 сом, эки бетине тең жарнама коюлса 2600 сомдон салык төлөнөт.

Тэги: көрнөк-жарнак салык мэрия Жалал-Абад рейд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть