Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

08.09.2021, 11:30

Жалал-Абад шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин жарымынан көбү иш таштады. Мындан улам калган жумушчулар көчөлөрдү тазалоого жетишпей, шаарда таштанды көбөйдү. Бул тууралуу “Акчабарга” “Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Жолдошев билдирди.

Маалым болгондой, мекемеде жалпы 31 кызматкер иштейт. Анын 17си 1-сентябрдан бери жумушка чыкпай жатат. Мунун себебин сезондук иштер башталгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Маселен алар жаңгак, мисте терүү менен же шалыда иштеп, убактылуу киреше табууну көздөшүүдө.

“Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык мекемесиндеги кызматкерлер айына 12 миң сом айлык алат.

Ал эми шаардан күнүнө 40 рейс таштанды чыгарылат.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59