Жалал-Абад: жашылча-жемишти экспорттоо эки эсе азайды

22.07.2021, 12:15 Акчабар
Жалал-Абад: жашылча-жемишти экспорттоо эки эсе азайды

Жалал-Абад облусунан коңшу Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолуучу товарлардын көлөмү эки эсе азайды. Маселен, былтыркы жылдын беш айында 89,8 миллион долларлык товар чегаралаш мамлекеттерге чыккан болсо, 2021-жылга алардын суммасы 36 миллион 200 миң сомду түздү. Бул тууралуу "Акчабарга" Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, экспорттун кыскарышына облустагы товарлардын көлөмүнүн аздыгы себеп болгон. Жалал-Абаддан негизинен Өзбекстан менен Орусияга болгар калемпири, помидор сыяктуу жашылча-жемиш чыгарылат. Көмүр экспорттоо Өзбекстанга жолго коюлган.

Бирок облуста импорттун көлөмү өскөнү маалым болду. Ушул жылдын беш айында коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан мамлекеттеринен аймакка 53 миллион 600 миң сомдук товар кирген. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштыралуу 30,8 миллион сомго көп. Жалал-Абадга сырттан көбүнчө азык-түлүк товарлары кирет.

Тэги: импорт экспорт товар Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть