Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал режими алынды

28.03.2022, 13:45 Акчабар
Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал режими алынды

Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды. Бул тууралуу аймактык мэриядан билдиришти.

Эске салсак, шаарда 17-марттан 18-мартка караган түнү катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын суусунун дээңгели көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Мунун айынан 569 турак-жайга жана 11 мекеме-ишканаларга кооптуу абал жаралган.

Натыйжада шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тэги: өзгөчө кырдаал Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×