akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

    Опубликовано

    17.04.2023, 03:15

    Жалал-Абаддагы "Көк-Арт" чакан ГЭСинин курулушу 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 6 мегаваттан ашык гидроэлектрстанциянын башкы курулмасы, суу жеткире турган 2 миң 600 метрди түзгөн каналы салынып бүттү. Алдыда ГЭСтин имаратын куруу, техникалык чогултуу жана линия тартуу жумуштары аткарылат.

    Курулушу былтыр башталган Сузак районундагы долбоорго жалпы 620 миллион сом жумшалууда.


    Читать похожее