Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.05.2020, 09:30

1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

[news 23676]

Маалымат жыйында ага Ысык-Көлгө туристтик сапарларды уюштурууга болобу деген суроо узатылды.

«Бардык объекттер 1-июндан тарта ишин башташы керек. Албетте, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча комиссия чыгып текшерет. Бирок 1-июндан тарта Ысык-Көлгө барууга болот» —, деди ал.

Аны менен бирге ал кичи автобус, автобустарда коронавирустун жугуу тобокелдиги көбүрөөк болгондуктан туристтик сапарларды уюштурган фирмаларга эс алуучуларды 3-4 орундук жеңил унаалар менен ташуу сунушталарын айтып өттү.


Читать похожее

  • 06.10.2020, 00:12:57
  • 15.09.2020, 05:20:23
  • 21.08.2020, 02:00:54
  • 20.08.2020, 02:45:07