Жапаров: Биздин жарандар казиного кире албасына мамлекет кепилдик берет

26.04.2022, 10:49 Акчабар
Жапаров: Биздин жарандар казиного кире албасына мамлекет кепилдик берет

Кыргызстанда казино ачылып калса кыргыз жарандарынын кирбешине мамлекет 100 пайыз кепилдик берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

“Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу”,- деди Жапаров.

Андан сырткары, президент УКМК менен ИИМдин кызматкерлери көзөмөлгө алаарын кошумчалады.

“УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да уруксат берилет”,- деди ал.

Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Бул мыйзам долбоорунун максаты инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Ал эми Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар ​​ача алат. Алар ишин мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт. Ал эми лицензиялык төлөмдүн суммасын министрлер кабинети аныктайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө мындай оюндарды ойноого тыюу салынат.

Тэги: казино мамлекеттик кепилдик лицензия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть