Камбар-Ата-1: Электр энергиясын экспорттоодон бюджетке жылына 234 млн $ түшөт

08.06.2022, 13:00 Акчабар
Камбар-Ата-1: Электр энергиясын экспорттоодон бюджетке жылына 234 млн $ түшөт

“Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына өлкөнүн өз каражатынын эсебинен 412,8 млн сом бөлүнгөн.

“Бүгүнкү күндө Камбарата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республикабыздын бюджетин кайрадан карап чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма - 1,5млрд сом) акча каражатын бөлүүнү чечтик. Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат”, - деди мамлекет башчы.

Кошумчалсак, учурда ГЭСти ишке ашырууга Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.

Тэги: камбар ата 1 бюджет экспорт Электр энергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть