Жаштарга жол! Депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларына кайрылуу жасады

26.11.2021, 18:20 Акчабар
Жаштарга жол! Депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларына кайрылуу жасады

Бир мандаттуу №27 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларына кайрылуу жасады.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо алдындагы жарыш аягына чыгып бара жатат. Ал төрт жумага созулуп, абдан кызыктуу өттү. Командабыз менен Ленин районун толугу менен жөө кыдырып, ар бир тургундун эшигин кагып чыктык. Үгүт иштеринин жүрүшүндө элге жалган убадаларды берүүдөн сактанып, эл менен диалогдорду курдук. Миңдеген тарапташтарды жана пикирлештерди таап, Жогорку Кеңеште натыйжалуу иш жүргүзүүгө жардам бере турган жакшы база түзүп алдык.

Кадырлуу Ленин районунун тургундары! Кайдыгер карабай, убактыңыздарды бөлгөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сиздер менен биргеликте райондун, шаардын жана бүтүндөй өлкөнүн өтө олуттуу маселелерин талкуулап алдык. Көптөгөн көйгөйлөр бар, бирок аларды чечсе болот. Ар бир иштин башталышында колдоого ала турган менин ишенимдүү командам бар. Ал эми келечектеги ишимде мен чындап ишене турган сиздер барсыздар. Депутат болгондон кийин сиздердин пикириңиздерге, сунуштарыңыздар мага жеткиликтүү болот. “Элдик депутат” деген атка татыктуу иш алып баргым келет.

Шайлоого кош көңүл карабоону жана добуштарды сатпоону суранам. Келечегибизди көрө билип, жаш талапкерлерге өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берели. 28-ноябрда мени колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм. Бир мандаттуу бюллетендеги номерим 9. Өзгөрүүлөрдүн мезгили келди!

Урматым менен, Жаныбек Абиров.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович.
Нускасы: 1даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 26-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

Тэги: Жаныбек Абиров Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть