Жаңы окуу жылына карата 8 колледж калыбына келтирилет

07.03.2022, 11:25 Акчабар
Жаңы окуу жылына карата 8 колледж калыбына келтирилет

Кыргызстанда 8 колледждин окуу имараттарын жана жатаканаларын калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылын студенттер жабдылган класстарда жана заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстерде тосушат.

Маалымтка ылайык, колледждерде окуу кабинеттери, лабораториялар, окутуучулар үчүн бөлмөлөр, ашканалар, жатаканалар, ажатканалар, эс алуу жайлары – жалпы аянты 40 миң чарчы метрден ашык жер оңдолуп жатат.

Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо үчүн реконструкциялоодо чыгуучу жерлер, дааратканалар, жашоо үчүн бөлмөлөр каралган.

Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин колледждер окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү үчүн жабдуулар менен жабдылат. Мисалы, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин базасында автоэлектрониканы оңдоочу өнөркана ачылат, ал эми Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинде эмерек жасоочу цех, имараттар үчүн желдетүүчү каналдарды чыгаруучу ишкана жана курулуш материалдарынын сапатын текшерүү үчүн лаборатория иштей баштайт.

Жалпысынан компетенциялардын негизинде окутуу, жумуш ордунда практика өтүү, ишкердик боюнча сабак берүү, инженердик-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кызыкдар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү бекемдөө менен колледждердин инфраструктурасын жакшыртуу алдыңкы тажрыйба борборлорунун ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн негизи болуп калат.

Колледждерди реконструкциялоо Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда.

Долбоорго киргизилген пилоттук колледждердин тизмеси:

  • Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи,
  • К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок колледжи,
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агроэкономикалык колледжи,
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи,
  • Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи,
  • Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи,
  • Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи,
  • Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи.

Тэги: колледж билим берүү реконструкция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть