Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдары бюджеттен каржыланат

16.03.2022, 17:30 Акчабар
Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдары бюджеттен каржыланат

Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жобо көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү процессин тартипке келтирүү максатында даярдалган. Бул каражаттар бюджеттик мекемелерди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана электр бөлүштүрүүчү компанияларынын алдында жергиликтүү бюджеттердин түзүлгөн карыздарын ыкчам жоюу максатында республикалык бюджеттен берилет.

"Финансы министрлигине 2022-жылдан тартып жыл сайын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын кароосу тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабууну республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашыруусу тапшырылды.

Тэги: жергиликтүү бюджет Электр энергия республикалык бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть