Опубликовано
07.12.2023, 06:20Кыргызстанда жылдык жүгүртүүсү 15 миллион сомдон ашпаган ишкерлер салыктардан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчы эске салгандай, буга чейин мындай жеңилдиктер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге берилип келген. Бирок анализдин жыйынтыгы менен өлкөдө көрсөткүчү бул суммадан ашкан соодагерлердин саны көп экени аныкталды. Андыктан, бийлик босогону 15 миллионго көтөрүүнү чечти.
"Өзгөртүүлөрдүн башкы максаты – ишкерликти жаңы баштагандарга колдоо көрсөтүү", — деди Жапаров.