Эми жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү үчүн, МАИден маалым кат талап кылынбайт

06.08.2020, 11:50 Акчабар
Эми жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү үчүн, МАИден маалым кат талап кылынбайт

Жоголгон айдоочулук күбөлүктү кайра жасатуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Унаанын жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү максатында керектүү документтердин тизмеси түзүлдү:

Жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү үчүн паспорт, 086 / у формасындагы ден-соолугу жөнүндө күбөлүк, айдоочулук окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк жана жеке айдоочу карточкасы жетиштүү болот.

Ал эми жоголгон мамлекеттик номердик белгини калыбына келтирүү үчүн, унаа ээсинин паспорту жана унааны каттоо күбөлүгү болуш керек.

Тэги: айдоочулук күбөлүк права мамлекеттик каттоо кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть