Баланын билим алуусуна качан каражат топтоп баштаса болот?

10.03.2021, 15:23 Партнерский материал
Баланын билим алуусуна качан каражат топтоп баштаса болот?

Жогорку билим адамга көптөгөн горизонтторду ачат. Бул маселе балдардын чоңоюшуна байланыштуу барган сайын актуалдуу болуп баратат. Бирок көптөгөнүй-бүлөлөр балдарынын жашоосундагы маанилүүэтаптардын бирин ишке ашырууну кечеңдетишет. Кыргызстанда келишимдик окутуунун баасы жыл сайынөсүүдө. Айрымүй-бүлөлөрдөаны төлөө үчүн керектүүкаражат жок. Бул маселени чечүү үчүн, келишимдин суммасын бөлүп-бөлүп төлөшөт же насыя алышат. Ошондуктан, мындай учурларда финансисттер так каржылык план түзүүнүсунушташат.

Жөн эле акчаны матрацтын астына топтоо - бул вариант эмес. Узак мөөнөткө чейин аларды иштетүүгө жана кошумча пайыз арттырууга убакыт болушу керек. Бул учурда коммерциялык банктардын депозиттик өнүмдөрү жардамга келет. «Айыл Банк» ААКтын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айжан Чолпонбек кызы белгилегендей, ата-энелер акча топтоону канчалык эрте баштаса, үй-бүлөлүк бюджетке ошончолук жеңил жана пайдалуу болот.

«Эгерде сиз наристе төрөлгөндөн баштап баланын билим алуусуна акча топтой баштасаңыз,ал эр жеткенге чейин бир топ чоң сумма чогулта аласыз.Анынүстүнө,ай сайын топтолуучу сумма көпделе болбойт. Мисалы, ата-энелер айына беш миң сом үнөмдөсө,бул сумма жылына60миңди түзсө, 18жылдын ичинде1миллион сомдон ашат.Депозиттик пайыздар жөнүндө унутпашыбыз керек,алардын жардамы менен жалпы сумма дагы жогору болот», -дейт финансист арифметиканын нюанстары тууралуу.

Ошондой эле, адис ата-энелер балдарына орто мектепте окуп жатканда акча топтой баштаган мезгилди мисал келтирди. Мисалы, ошол эле миллион сомду топтоо керек, бирок ата-энелердин беш гана жылы бар. Керектүү суммага жетүү үчүн, айына 16 миң сомдон ашык акча бөлүү керек болот жана бул бюджет үчүн сезилээрлик сумма.

«Үнөмдөөнү балдар менен чогуу жасаган жакшы.Үй-бүлө билим алуу үчүн алдын-ала каражат топтоп жаткандыгын билгенде, ысырапкорчулук азайып, чыгашаларын эсептөөнү бала кезинен үйрөнүшөт.Эгерде мындай көрүнүш биздин өлкөдө кеңири жайылса,анда азыркы муунга караганда кийинки муун каржылык жактан сабаттуу болот», - деп түшүндүрдү эксперт.

«Айыл Банк» өз кезегинде, балдардын келечегин азыртан ойлонуп, «Наристе» аманатын колдонууну сунуштайт. Бул кызмат депозиттерди рубль менен жасаган Орусиядагы мигранттар үчүн да ыңгайлуу. Каражат топтоону 1000 сомдон же 20 доллардан баштасаңыз болот. Депозитти 24 айдан 36 айга чейин ачууга болот, сом менен пайыздык чендер жылдык 10-11%, АКШ долларында - 3% түзөт. Депозиттерди толуктоонун минималдуу суммасы - 500 сом же $ 10. Бир депозитке топтолгон акчанын жалпы суммасы көпчүлүк депозиттик өнүмдөр сыяктуу эле 10 миллион сомдон, 200 миң доллардан же 10 миллион рублдан ашпашы керек. Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурун токтотулат. Депозиттин негизги суммасы боюнча 12 айга эсептелген пайыздар, мөөнөт аяктагандан кийин алынышы мүмкүн же бул пайыздар депозиттин негизги суммасына кошулушу мүмкүн. Ал эми 14 жашынан баштап бала депозиттик эсеп боюнча операцияларды өзү жүргүзө алат.

Айжан Чолпонбек кызы«Айыл Банк»ар бир жаш курак боюнча депозиттерди сунуштап жаткандыгын эскертти. Мисалы, пенсионерлер үчүн сомдук депозиттер боюнча максималдуу 11% жана четөлкө валютасында3%га чейин пайыздык чен менен«Ардагер» депозиттери бар. Ал буга чейин пенсияга чыккан кыргызстандыктарга жардам берет.

«Көпчүлүк пенсионерлердин топтолгон каражаттары бар.«Ардагер»кошумча киреше булагы жана пенсиянын кыйла көбөйүшү болуп калышы мүмкүн. Банк ай сайын аманатчыга пайыздарды төлөп берет,ошондой эле төлөнгөн пайыздарды капиталдаштыруу кардардын каалоосу боюнча жүргүзүлөт», - деп түшүндүрдүал.

Мындай депозитти сом менен дагы, АКШ долларында да ачса болот. Эң активдүү кардарлар каражатты жарым-жартылай чечип алуу мүмкүнчүлүгү каралган «Алтын» кызматын колдоно алышат. Мындайөнүм эгерде керектөөчү керектөө үчүн сумманын бир бөлүгүн алып, бирокөз депозитин кайра толтура алаары менен актуалдуу.«Алтын»минималдуу суммасы беш миң сом же рубль жана 100 доллар менен ачылат. Толтурулган суммаларга эч кандай чектөө жок.Максималдуу пайыздык чендер төмөнкүдөй: сом менен-​​8% га чейин, АКШ долларында - 2% га чейин, рубль - 4% га чейин.

«Айыл Банк» эң үнөмдүү кардарларга «Керемет» деп аталган топтолуучу аманатын сунуштайт. Депозиттин минималдуу суммасы 1000 сомдон, 20 доллардан же 1000 рублга чейин башталат. Капиталдаштыруу аманатчынын каалоосу боюнча жүргүзүлүп, пайыздар ай сайын төлөнүп турат. Салымдын кошумча салымдар боюнча чектөөлөрү бар. Келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде каражаттын суммасы 10 миллион сомдон, 200 миң доллардан же 10 миллион рублдан ашпашы керек. Сом менен максималдуу пайыздык чен 10% га чейин, АКШ долларында 3% га чейин, рубль менен 5% га чейин болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, «Айыл Банкта» үч жылга чейинки депозиттер менен «Кенч» кызматы бар. Банктын кардарлары депозитти 1 миң сомдон же $ 20дан баштап, сом менен 12% га чейин, АКШ долларында - 4% га, рубль менен - ​​6% га чейин бир жолу толуктай алышат. Кардар аманаттын узактыгын өнүмдүн стандарттык шарттарынын ортосунда тандайт.

Тэги: Айыл Банк наристе Кенч Керемет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть