Жогорку Кеңеш бир жылда бюджеттен 1,4 млрд сом чыгаша кылды

16.01.2024, 14:50 Акчабар
Жогорку Кеңеш бир жылда бюджеттен 1,4 млрд сом чыгаша кылды

2023-жылы Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 367 млн 908 миң сом сарптаган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Эл өкүлдөрү каражаттын басымдуу бөлүгүн – 811 млн 842 миң сомду айлык акыга жумшашкан. Ал эми имараттар жана курулуш-оңдоо иштерине - 143 млн 299 миң сом, ошондой эле унаа жана жабдууларга - 123 млн 556 миң сом сарптаган.

Ошондой эле, былтыр депутаттар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 121 млн 572 миң сом, чарбалык керектөөлөр үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 18 млн 405 миң сом чыгымдаган. Ал эми калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө болгону 270, 8 миң сом гана жумшаган.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Жогорку Кеңештин резервдик фондуна 54 млн 175 миң сом бөлүнүп берилген.

Тэги: Жогорку Кенеш КР чыгаша айлык акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть