Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.02.2024, 07:15

Январь айында Жогорку Кеңештин чыгымдарына 83,8 млн сом сарптоо пландалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматы тастыктайт.

Бирок, парламенттин чыгашасы 13%га көп болуп, 94,7 млн ​​сомго жеткен. 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгымдары 10,5%га өскөн.

Белгилеп кетсек, парламент байланыш кызматтарын көбүрөөк колдоно баштаган, чыгашанын бул бөлүгү боюнча суммалар 98 эсеге көбөйгөн.

Ал эми иш сапарларга жана башка товарларга кеткен чыгымдар тиешелүүлүгүнө жараша 80% жана 99%га кыскарган.


Читать похожее