Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.05.2020, 08:30

«Золотая Корона» системасы аркылуу которулган акча «Бай-Түшүм Банкынын» Visa же Elcard карталары аркылуу алууга болот. Бул тууралуу «Акчабарга» каржы институтунан кабарлашты.

[news 24580]

Мигранттардын басымдуу бөлүгү «Золотая Корона» аркылуу акча жөнөтүшөт. Андыктан «Бай-Түшүм Банкы» кыргызстандыктар үчүн каражаттарды түздөн-түз Visa же Elcard карталары аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Которулган акчаны карта аркылуу алуу үчүн жөнөкөй шарттарды аткаруу керек:

- «Золотая Корона» - Акча которуулар тиркемесин көчүрөсүз;

- Жөнөтүлгөн каражатты код аркылуу табасыз;

- Банк картасына акча которосуз;

«Эми «Золотая Корона» аркылуу акча которуу үчүн, банктын кассасына баруунун кажети жок. Тиркемени колдонуп, үйдөн чыкпай, оңой эле которсо болот» —, деп билдиришти банктан.

Эске сала кетсек, «Золотая Корона — Акча которуу» тиркемесин Google Play же App Store дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.


Читать похожее

  • 04.10.2023, 21:26:18
  • 29.05.2020, 02:30:26