Zoom кызматынын негиздөөчүсү бир күндө 5.2 млрд доллар киреше тапты

02.09.2020, 13:40 Акчабар
Zoom кызматынын негиздөөчүсү бир күндө 5.2 млрд доллар киреше тапты

Zoom онлайн-баарлашуу кызматынын негиздөөчүсү Эрик Юань бир күндө 5.2 млрд доллар киреше тапты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдирди.

Маалым болгондой Эрик Юандын бүгүнкү күндөгү кирешесинин жалпы суммасы 22 млрд долларды түзүүдө.

Zoom кызматынын акциясы 32% жогорулаган. Бир жыл ичинде бул пайыз 355ке же 664 млн долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

«Компаниянын таза кирешеси 186 млн долларды түзгөн. Zoomдун кардардык базасы 2019-жылга салыштырмалуу 458% чейин жогорулаган», — деп жазылат маалыматта.

Zoom пандемия учурунда популярдуу болуп, ага болгон талап Кыргызстанда дагы күч алганы белгилүү.

Тэги: zoom онлайн-баарлашуу кызмат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть