Кыргызстандагы биринчи эл аралык DemirBank банкы «Мамлекеттик ипотекалык компания» менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо жасашат. DemirBank менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» келишимди 2016-жылы 12-августа түзүп, ага КР Экономиканы өнүктүрүү министрлигинде кол коюлган.
«Жеткиликтүү турак 2015-2020» программасынын алкагында турак жай сатып алуу үчүн 10-жылга чейинки насыялар, 8 дан 10% чейин кошумча комиссиясы жок берилет. Насыянын сумма улуттук валютада 3 000 000 сомдон баштап берилет. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктын ички ченемдик актыларына ылайык берилет.
« Биз КР өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын маанилүү экендигин эске алып, ага баардык аракеттерибизди көрүүгө даярбыз. DemirBank туруктуу неггизде КР калкына кызмат кылуу үчүн өкмөт менен биргеликте бул келишимге кол коюп, биздин миссиябызга ылайык кардарлар менен өнөктөштөрүбүздүн муктаждыгына карата стратегиялык кадам таштадык»- деп бөлүштү DemirBank генералдык менеджери Л.Шевки Сарылар.
Бул программага катышуу үчүн Мамлекеттик Ипотекалык компаниянын тизмесине кирип, ал DemirBank жөнөтүлөт.
«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» келишими Кыргыз Республикасында жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн баардык аймактарда жүргүзүлүп ; турак жай алууда жеткиликтүү ипотекалык механизм менен камсыздоо; өлкөнүн банк системасын жеткиликтүү турак жай ипотекалык насыялары менен камсыздоо механизмдерин рефинансылоо жана ага катыштыруу.
Үй-бүлөңүз үчүн ипотекалык насыялоо DemirBank аркылуу жеткиликтүү !
Насыянын суммасы | 350 000 баштап 3 000 000 сом чейин | |
Насыянын валютасы | сом | |
Мөөнөтү | 120 айга чейин (10 жыл) | |
Жылдык пайыздык чен | Насыя алуучунун өз каражаттарына: | |
9% | 10% дан 20% чейин | |
8% | 20% дан 30% чейин | |
7% | 30% дан жогору | |
Насыя берүү үчүн комиссия | каралган эмес | |
Камсыздандыруу | Насыяга алынып жаткан турак жай жана Банктын шартына туура келген 1 адамдын кепилдиги. Банк Макулдугун берүү үчүн банк жеке кепилдик берген адамдын кепилдигин талап кылышы мүмкүн. | |
Алдын ала төлөө үчүн айып | каралган эмес | |
Өз каражаттарынын болуусу | Сатып алынып жаткан турак жайдын баасынын 30% минималдуу суммасы керектелинет |