Негизделген жылы1997 | Башкы кеңсеси | г. Бишкек, пр. Чуй, 245 |
Телефон | +996 (312) 610-610 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 035, 035/1 | Сайт | demirbank.kg |
dkib@demirbank.kg |
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК (DemirBank бренди) Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык коммерциалык банк болуп саналат. 2016-жылдын 1-декабрына карата банктын акционерлери:
DemirBank Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле 1997-жылдын 2-майында банктык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн зарыл болгон баардык лицензияларды алган. Банк расмий түрдө, 1997-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана баардык акционерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылган. Төлөнгөн уставдык капитал 2016-жылдын 1-июлга карата 600,000,000 сомду түзөт.
DemirBankтын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп, корпоративдик жана ОЧБ кардарларга, ошондой эле жеке жактарга инновациялык банктык кызматтарды колдонуу менен кызмат көрсөтүү эсептелет.
Кыргызстандын финансы рыногундагы 20 жылдык иш тажрыйба, кардарлар менен болгон туруктуу мамиле, эл аралык стандарттар менен иштөө жана кесипкөйлөрдөн түзүлгөн күчтүү команда банкка финансы рыногундагы атаандаштык артыкчылыгына шарт түзүп, кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш кылып келет.
ЭлКарт улуттук жана VISA, Master Card эл аралык төлөм системаларынын өнөктөшү жана катышуучусу болуп келет.
DemirBank жөнөкөй жолу басып өткөн жок: 1998-жылы орус, 2000-жылы түрк кризисттерин башынан өткөрүп, кыйынчылыктарга карабай финансы рыногунда туруктуулугун көрсөттү.
Банк Кыргызстандагы банк рыногундагы позициясын жоготпостон, аны бекемдей алган.
Учурда Демир Кыргыз Интернэшнл Банк – замандын талабына жооп берген финансылык уюм. Учурда банк активдери, капитал жана кирешелери менен Кыргызстандагы эң мыкты коммерциялык беш банкынын катарына кирет. Банк Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, банк системасынын жакшырышына аракеттерди жасап жаткан алдынкы банктардын бири.
Банк өлкөнүн социалдык турмушуна активдүү катышып, DemirBank эл аралык ишкердик кеңеши, Am Cham Америкалык соода палатасы, Кыргызстан банктарынын ассоциациясы, КРнын аманаттарды коргоо агенттиги жана Rotary клубу сыяктуу ар кандай бизнес-ассоциацияларга жана уюмдарга мүчө болуп келет.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.