Жарыяланган
2025-16-06, 11:54Чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу башталгандан тарта 11-июнга чейин Кыргызстанда 4 миң 871 унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Унаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Насиров билдирди.
Чет элдик номерлүү унааларды каттоодон 344 млн 800 миң сом түшкөн. Анын ичинен кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпаган 2846 унаа катталган. Бул унаалардын ээлери бюджетке 50 миң сомдон, жалпы 142 млн 300 миң сом төлөгөн.
Ошондой эле кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашкан 2025 унаа мыйзамдаштырылып, алардын ээлери 100 миң сомдон, жалпы 202 млн 500 миң сом төккөн.
Эскерте кетсек, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-апрелде башталган, ал 1-октябрга чейин уланат.