Жарыяланган
2025-15-09, 09:33Мамлекеттик салык кызматы быйыл сегиз айда 190 млрд 52,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Белгиленген план 105.2%га же 9 млрд 328 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми былтыркы жылдын январь-август айларына караганда салык жана төлөмдөр 51 млрд 125,7 млн сомго көп жыйналган.
Жалпы жыйналган салык жана төлөмдөрдүн ичинен 165 млрд 234,7 млн сом республикалык бюджетке, калган 24 млрд 817,6 млн сом жергиликтүү бюджетке түшкөн.
Андан тышкары Салык кызматы 52 млрд 999,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан.
Салыктарды, төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо жалпы 243 млрд сомдон ашык акча жыйналган.