Жарыяланган
2025-16-09, 11:34Койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Сыноону Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту жана Кыргыз Улуттук агрардык университетин окумуштуулары өткөргөн.
Анын жыйынтыгынжа аталган жер семирткич азотко бай (15% га чейин жетет) экени аныкталган. Ал акырындык менен бөлүнүп чыгат.
Ошондой эле ал күкүрт, аминокислоталарды, кератинди камтыйт. Жүн нымды сактап, топуракты жумшартат. Акырындык менен чирип, узак мөөнөттүү жер семирткич болуп берет.
Министрлик белгилегендей, койдун жүнүнөн даярдалган жер семирткичти колдонуу үчүн расмий сертификаттан өткөрүү жана аны туура колдонууну тууралуу нускамага көңүл буруу керек.