Жарыяланган
2025-15-09, 12:57Кыргызстанда дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Анын айтымында, ординатура-интернатурадагылар 17-20 миң сом маяна алат.
Келерки жылы өлкөдөгү дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда.