Akchabarsearch
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу 400 миң доллар пара менен кармалды

Жарыяланган

2025-15-09, 14:36

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу 400 миң доллар пара менен кармалды

УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин атын жамынып, “Ч.Б.”га кылмыш жоопкерчилигинен куткарууга жардам берүүнү убада кылып, 400 миң доллар алган укук коргоо кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2025-жылдын 24-июлунда “С.А.” аттуу КР жараны пара талап кылууга жана опузалап пара алууга катышканы үчүн кармалды. Ошондой эле, мурдагы УКМК кызматкери “А.Э.” 130 миң долларды кайтарып берүү учурунда кармалып, ага тиешелүү айыптар тагылды.

КРнын Аскердик прокуратурасы бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту айыпталуучуларга камакка алуу чарасын тандады.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоо жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу