Жарыяланган
2025-15-09, 15:032025-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) алдын ала маалымат боюнча 1 трлн 42 млрд 100 млн сомду түзүп, былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 11% га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өсүштүн негизги тармактары: Өнөр жайда фармацевтика (2.2 эсе), тамак-аш жана суусундуктар (44.4%), резина, пластмасса жана курулуш материалдары (32.2%) өңдүү тармактарда олуттуу өсүш байкалган. Курулуш – 34.8%, соода – 11.6%, айыл чарба – 2.4% өсүш көрсөткөн.
Жыл башынан бери (декабрга салыштырмалуу) керектөө баалары 5.1% га жогорулады. Баалардын өсүшү бардык региондордо байкалган. Эң жогорку инфляция Чүй облусунда катталып, баалар 6.5% га кымбаттаган.
2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 8.66 млрд долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 6.4% га азайган. Экспорт 13.3% га, импорт 4.8% га төмөндөдү.
Бул аралыкта ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода 2.91 млрд долларды түзүп, 3.2% өсүш болгон. Сооданын басымдуу бөлүгү Россия (65.6%) жана Казакстанга (32.2%) туура келет.