Akchabarsearch
Дарыгерлер 5 жыл мамлекеттик ооруканада иштебесе, жеке клиникада иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн

Жарыяланган

2025-15-09, 14:00

Дарыгерлер 5 жыл мамлекеттик ооруканада иштебесе, жеке клиникада иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн

Бүгүн, 15-сентябрда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорун саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сунуштап, анын айтымында, максат — саламаттык сактоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана билим берүү тармагындагы карама-каршылыктарды жоюу.

Долбоорго ылайык, дарыгерлер жеке клиникада иштей алышы үчүн мамлекеттик мекемелерде кеминде 5 жыл иштеши керек болот.

Депутат Дастан Бекешев бул талап өтө катаал экенин, жаш дарыгерлерди жумушка шыктандыруудан тескери таасир берерин айтты. Министр буга жооп берип, учрда дипломлон кийинки милдеттүү билим берүүнүн 3 жылдык мөөнөтү бар экенин, кошумча 2 жыл иштөө талап кылынарын түшүндүрдү.


Тектеш материалды окуу