Akchabarsearch
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапар менен кетти

Жарыяланган

2025-15-09, 12:08

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапар менен кетти

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар. 


Тектеш материалды окуу