Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 2 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2025-15-09, 09:01

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 2 миң сомго кымбаттады

Бүгүн, 15-сентябрга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 321 миң 842.5 сом деп белгиленди.

Өткөн жума күнү, 12-сентябрда Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) 319 миң 958 сомдон сатып алып жаткан. Андан бери анын баасы 1 миң 884.5 сомго кымбаттады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 326 миң 670 сомдон сатууда.


Тектеш материалды окуу