Akchabarsearch
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жерине эмне курула турганы айтылды

Жарыяланган

2025-12-09, 18:03

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жерине эмне курула турганы айтылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жерине карылар үйү жана бала бакча курула турганын билдирди. 

Анын айтымында, Атамбаевдин үйү турган Кой-Таштагы жер мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. 

"Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт", - дейт ал.

Калган жарымына 500 орундуу бала бакча салынат. Ага Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдары барат.  

"Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт", - деди ал. 

Малбашев мурда мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр менен жер тилкелер кайра мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштетилип жатканын айтып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү менен жерин мисал келтирди. 

"Мисалы, Бишкектин Жибек-Жолу проспектисиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үй мамлекетке өткөрүлүп, анын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бүгүнкү күндө бул борбордо миңдеген балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп жатышат", - дейт ал. 

Ошондой эле Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Бакиевдердин дагы бир жери мамлекетке кайтарылган. 

"Ал жерге ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн жарандар турак жайлуу болушту. Мына ушундай мисалдар көп. Мамлекеттин мүлкү мамлекетке кайтарылып, аны элдин кызыкчылыгына иштетүү аракети көрүлүудө", - деди ал. 

Эскерте кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин уулу, "Социал-демократтар" партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев аны, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын айтып, бул аракеттерди мыйзамсыз деп атаган. Ошондой эле ал "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жана "Медиа Форумдун" имаратын мамлекетке алуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. 


Тектеш материалды окуу