Akchabarsearch
Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак салынат

Жарыяланган

2025-12-09, 17:04

Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак салынат

Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак салынат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, министрликтин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чолпон-Атадагы башкармалыгы сейил бактын эскиздик долбоорун даярдаган. Ал шаардын 3-кичи районунда салынат.

Сейил бак "Ынтымак" деп аталат. Ал жерде жарандар эс алганга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. 


Тектеш материалды окуу