Akchabarsearch
Нарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө курулуш иштери уланууда

Жарыяланган

2025-12-09, 17:26

Нарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө курулуш иштери уланууда

Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Ленин көчөсүндө жолдун бир тарабына 2 чакырым жерге асфальт төшөлдү. Аны менен катар жердин негизин даярдоо, бордюр жана арыктарды орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

Ал эми Шералиев көчөсүндө кемчиликтерди жоюу, лотокторду коюу иштери аткарылууда. 

Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашса, Шералиевдики 2.3 чакырымды түзөт.


Тектеш материалды окуу