Жарыяланган
2025-12-09, 17:27Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан заводу 2000-жылы КРнын Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.