Akchabarsearch
Ошто "Касиет" жана "Авангард" медициналык борборлорунун жерлери мамлекетке кайтарылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-05-09, 09:42

Ошто "Касиет" жана "Авангард" медициналык борборлорунун жерлери мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жайгашкан "Касиет" жана "Авангард" медициналык борборлорунун жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Айыпталуучу Г.А.Н. жана ага тиешелүү адамдардын мүлкүн текшерүү учурунда, 2005–2007-жылдары соттун мыйзамсыз чечимдери менен жасалма документтер аркылуу жогоруда аталган медициналык борборлоруна тиешелүү жер тилкелери муниципалдык менчиктен мыйзамсыз алынганы аныкталган.

Натыйжада, "Касиет" медициналык борбору Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү. Ал эми, "Авангард" медициналык борбору Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына кайтарылды.
 


Тектеш материалды окуу