Akchabarsearch
“Балыкчы мамлекеттик агроөнөр жай комплексинин” 1.3 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-03-09, 18:02

“Балыкчы мамлекеттик агроөнөр жай комплексинин” 1.3 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарындагы «Балыкчы мамлекеттик агроөнөр жай комплексинин» жерлерин жана мүлктүк комплекстерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу текшерилип, мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1.3 гектарды түзгөн кампа имараттары жана башка курулуштары бар жер тилкесине жеке менчик укугу мыйзамсыз негизде алынганы аныкталган.

Тактап айтканда, 1992-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекеттик мүлктү башкарууга тиешелүү укуктук негиздер болбой туруп, мүлк үчүнчү жактардын менчигине өткөрүлүп кеткен.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, мамлекеттик мүлк жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, Балыкчы шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү.
 


Тектеш материалды окуу