Akchabarsearch
Бишкекте 3.6 га жер участогу мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-29-08, 10:58

Бишкекте 3.6 га жер участогу мамлекетке кайтарылды

Административдик-аймактык реформанын алкагында борборго кошулган аймактан 3,6 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Кара-Жыгач айылындагы Анкара менен Ф.Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, жер тилке мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайра кайтаруу иштерин улантууда.
 


Тектеш материалды окуу