Akchabarsearch
"Ак-Сай Цемент" заводу мамлекетке өттү

Жарыяланган

2025-13-08, 13:24

"Ак-Сай Цемент" заводу мамлекетке өттү

"Ак-Сай цемент" компаниясы Ош облусунун Ноокат районундагы 10 га жерди жана заводду мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, "Ак-Сай цемент" ишканасы Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 га жерди мыйзамсыз менчиктештирип, кийин ал жерге цемент заводун куруп, иштетип жүргөн.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, 2002-жылы Ынтымак айыл өкмөтү (азыркы Кулатов айыл өкмөтү) "Ак-Сай Цемент" ишканасына завод курганга 10 га жер бөлүп берген. Бирок токтом кабыл алынганда Жер кодексинин бир нече беренелери бузулган.

Жыйынтыгында "Ак-Сай Цементтин" жетекчилиги завод менен 10 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген. 


Тектеш материалды окуу