Akchabarsearch
Чок-Талдагы 4.5 га жерди мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча шектүү кармалды

Жарыяланган

2025-04-09, 10:15

Чок-Талдагы 4.5 га жерди мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча шектүү кармалды

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан, 4.5 гектар жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоого байланыштуу «Кадастр» МИнин мурдагы бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Т.А.К. «Демал» айыл чарба кооперативин түзүүгө демилге көтөрүп, Ысык-Көл жээгиндеги жер тилкесин менчиктештирүү иштерине активдүү катышкан. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар кызмат адамдарынын колдоосу менен жалган маалыматтарды киргизүү жолу аркылуу мыйзамсыз каттоону ишке ашырган. 

Учурда Т.А.К. 2025-жылдын 27-августунда убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын катышуусунда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

 

 


Тектеш материалды окуу