Akchabarsearch
Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш завод мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-03-09, 12:03

Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш завод мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы баасы 229 млн сом болгон кыш завод жана 2.4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас айыл өкмөтүндө жайгашкан 2.475 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылганы аныкталган. 

Натыйжада, 229 млн 750 миң сомду түзгөн кыш завод 2.475 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 


Тектеш материалды окуу